Ысык-Ата курортунун аймагындагы конок үйүнүн имараты жана жери мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.
«Анда 2005-жылы Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок үйүнүн имараты жана ага чектеш 0,10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Коной үйү 5 кабаттан туруп, жалпы аянты 2128,48 чарчы метрди түзгөн», — деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн конок үйүнүн имараты жана ага чектеш жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.