Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева күрөш боюнча Иван Ярыгиндин Кубогунда коло медаль утту.
Ал 72 килограмм салмак категориясында күч сынашып, бул салмакта жалпысынан 13 спортчу катышкан.
Нуртаева мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда Монголиянын өкүлү Болртунгалаг Зоригтке утулуп калган. Бирок монгол спортчусу финалга чыккандыктан, кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Коло үчүн таймашта Нурзат Нуртаева орусиялык Кристина Братчикова менен беттешип, атаандашын жеңип, мелдештин коло байгесин жеңип алды.
Буга чейин бул турнирде дагы бир кыргызстандык спортчу Дильназ Сазанова 62 килограмм салмакта күмүш медаль уткан.