Бауржан чек арадан кармалганы айтылууда

Бүгүн TikTok блогери Бауржан  кайрадан кармалганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда кеңири тарап жатат. Колдонуучулар Facebook’тагы постторунда аны “чек арада кармалды” деп жазышып, окуяны активдүү талкуулашууда.

Ошол эле маалда Бауржан өзү да чек арадан өткөн учурду видеого тартып, социалдык тармакка жарыялап, белгисиз бөлмөдө кармалганын кыйыткан. Бирок расмий органдар же милиция тарабынан анын камакка алынганы тууралуу расмий билдирүү жарыяланган жок. 

Буга чейин блогер Бауржан Кадыбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 20 жылдыкка барып каза болгон аял — Айзирек Эралиева тууралуу айткан сөздөрү үчүн коомчулуктун сынына кабылган. Ал кийинчерээк маркумдун жакындарынан жана кыргыз элинен кечирим сурап, өз сөздөрү эмоцияга алдырып айтылганын билдирген.

Бауржан:

«Менде бул трагедия тууралуу айтууга ниет болгон эмес. Бирок кырдаалды так билбестен, эмоцияга алдырып айткан сөздөрүм коомчулукта туура эмес кабыл алынып калды. Маркумдун үй-бүлөсүнөн жана жалпы элден кечирим сурайм», — деген.

Айзирек Эралиева 26-майда мектептеги 20 жылдык мааракеге баргандан кийин күйөөсү тарабынан кызганычтан улам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал учурда маркумдун беш баласы жетим калды. Күйөөсү камакка алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Эске салсак, буга чейин дагы бир блогер Айбек Уланов да Айзирек Эралиева тууралуу кемсинтүүчү билдирүүлөр үчүн жоопкерчиликке тартылып, ага карата кылмыш иши козголгон.

13 Июнь 2025 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча