Бүгүн, парламенттин 21-апрелдеги жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков жогорку окуу жайлардын окуу акысы кымбаттап жатканына тынчсыздануусун айтып чыкты.
«Студенттердин көтөргөн негизги маселеси — окуу акысы (контракт) болууда. Быйыл ЖОЖдордо бул маселе курч болуп, окуу акысы көтөрүлдү. Кийинки жылга дагы бааларды көтөрөбүз деген сунуштарды берип жатыптыр. Студенттер буга кооптоонуп жатат. Себеби бүгүнкү күндө азык-түлүктүн баасы, батирлердин ижара акысы да кымбат болуп жатат. Бир үй-бүлөдө 2-3төн окуган студенттер бар. Алар бир кыйла оорчулукка душар болушууда», — деди депутат.