“Бир тууган агам донор болду”. Бишкекте 45 жаштагы бейтап бөйрөгүн акысыз алмаштырды

Кыргызстанда гемодиализ алган жарандардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Алсак, учурда бөйрөктүн өнөкөт оорусунун 5-стадиясы менен жабыркаган 200гө жакын бейтап трансплантациялоо үчүн кезекте турары белгилүү болду. Атап айтканда өлкөдө жылына 300дүн тегерегинде жаңы өнөкөт бөйрөк оорулары менен ооругандар катталып турат.

Дарыгерлердин айтымында донор табуу маселеси дагы көйгөйдү жаратпай койбойт. Мындан улам адистер жарандарга кайрылып, ден-соолугуна кайдигер карабай, жарандарды жок дегенде жылына 1-2 жолу медициналык текшерүүдөн өтуп турууга чакырат.

Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылынын 45 жаштагы тургуну 4 баланын атасы Канатбек уулу Манасбек  2017-жылдан бери бөйрөк оорусу менен алышып, андан кийин гемодиализге күнү түшкөн. Бирок бул оор күндөр артта калып, ага кечээ, 26-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалып, экинчи жашоонун даамын татып отурат.

Турмуштун оор сыноосуна кабылып, 8 жылдан бери бөйрөк дарты менен алышып келген  бир тууганына  48 жаштагы агасы донор болгон. Ал эми азыркы тапта 2 бир тууган тең аталган ооруканада дарылануусун улантып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы 5 саатка жакын созулган. Азыркы учурда эки бир туугандын тең абалы туруктуу жана дарыгерлер тезирээк сакайтуунун үстүндө кам көрүп жүрүшөт.  Ак халатчандар эгер баары жакшы болсо  10-12 күндүн ичинде бейтапканадан чыгарып, үйүнө жөнөтөбүз деген божомол бар.  Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантация бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков билдирди.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ошондон бери борбордо жалпы 81 операция жасалса, анын 38и акысыз ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Шайирбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында учурда бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен жабыркаган 200гө жакын бейтап бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кезекте турат. Ал эми донор табуу маселеси дагы көйгөйдү жаратпай койбойт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын январь айынан тарта бөйрөк алмаштыруу операциялары мамлекеттик бюджеттин эсебинен акысыз жасала баштаган. Азыркы күндө жалпы 4 миңден ашык бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Ал эми бул дартка чалдыккандардын чыгымы  4 миллард сомдун тегеринде экени маалымдалды. Мисалы, бир бейтапка жылына 996 миң сом, тагыраагы миллион сомго жакын каражат керектелет.

27 Февраль 2026 жыл 22:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча