Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Күнтуу айылынан Кызыл-Тууга чейинки аралыгында асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, жолдун айрым бөлүктөрүндө арыктарды орнотуу, жолдун негизги катмарын төшөө иштери улантылууда.
Ал эми 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттагы кирүүчү жолдун П-2 үлгүсүндөгү плиталарын орнотуу иштери жүргүзүлүп, 400 метр жолго асфальт төшөлдү.
Белгилей кетсек, Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. 2025-жылы анын 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн.
Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.