Жерде магниттик бороон болору күтүлүүдө

Күн бетиндеги плазманын бөлүнүп чыгышына байланыштуу 8 жана 9-сентябрда Жерде магниттик бороон болот. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Космостук коронографтардын маалыматы боюнча, геомагниттик активдүүлүк 9-сентябрга караган түнү күчөйт.

Метеосезимтал адамдарга физикалык көнүгүүлөрдөн алыс болуу, уйкуну кандыруу жана сууну көбүрөөк ичүү сунушталат. Көпчүлүк үчүн магниттик бороон коркунуч туудурбайт, бирок геомагниттик активдүүлүк спутниктик байланыштын, навигациянын жана кээ бир радиосистемалардын ишине таасирин тийгизиши мүмкүн.

8 Сентябрь 2026 жыл 10:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча