Эне жана баланы коргоо борборунда үч эм төрөлдү

Бүгүн, 8-сентябрда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда ЭКУ ыкмасы колдонулбастан, табигый жол менен төрт эм менен кош бойлуу болгон аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Операцияны профессор Арсен Аскеров жүргүздү.

Кош бойлуулук жогорку тобокелдик менен өттү. 19-жумада түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Кош бойлуулуктун калган мезгилинде аял адистердин тыкыр жана үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болду. Кош бойлуулукту сактап калуу максатында акушердик пессарий коюлуп, жатын моюнчасына тигиш салынган жана прогестерон терапиясы жүргүзүлгөн.

Натыйжада кош бойлуулукту 35 жумага чейин сактап калууга мүмкүн болду. Үч наристе — эки уул жана бир кыз жарык дүйнөгө келди. Алардын төрөлгөндөгү салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түздү.

Учурда эне жана балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары туруктуу.

Өз убагында жүргүзүлгөн медициналык көзөмөл, дарыгерлердин кесипкөйлүгү жана кош бойлуулукту алып баруунун туура тактикасы бул татаал учурду ийгиликтүү төрөт менен аякташына мүмкүндүк берди.

8 Сентябрь 2026 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча