Абдумомунов атындагы театрдын сентябрдагы репертуары

Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын 100-театрдык сезондун алкагындагы сентябрь айына карата репертуары сунушталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, сентябрь айында көрүүчүлөргө мазмундуу жана терең мааниге ээ спектаклдер тартууланат. Чыгармаларда адам тагдыры, турмуштук баалуулуктар жана коомдогу маанилүү маселелер чагылдырылат.

«Спектаклдер саат 19:00дө башталып, билеттин баасы 500 сомду түзөт. Билеттерди онлайн платформалар аркылуу же театрдын кассасынан алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат үчүн театрдын кассасына (0550) 557-255 номери аркылуу кайрылууга болот.

8 Сентябрь 2026 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча