Кыргызстан менен Франция энергетика тармагында алакасын бекемдейт

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анда кыргыз-француз энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында энергетика секторундагы кыргыз-француз кызматташтыгынын келечектүү багыттарын мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана өз ара кызматташууну улантууга даярдык ырасталды.

8 Сентябрь 2026 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча