Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз ташып келүү каналын уюштурган трансчек аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 4-сентябрда коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө психотроптук заттардын ири партиясын сатуу учурунда С.у.Н. жана И.М.Х. аттуу баңгитоптун мүчөлөрү кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер улантылууда.