Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомуна кол койду.
Токтом президенттин 2026-жылдын 10 — августундагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди.
Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.