Кабардино-Балкариянын Безенги капчыгайындагы Мижирги тоосунда кар көчкү түшүп, 11 альпинист каза болду. Дагы алты адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, топто жалпысынан 33 адам болгон. Алардын 10у өз алдынча түшкөн. Алты альпинисттин тагдыры азырынча белгисиз, издөө-куткаруу иштери уланууда.
Кар көчкү 6-сентябрда кечинде 15 альпинисттен турган топту басып калган.