УКМК Ош бажысынын «БИМИ Ош сервис» бажылык тариздөө пунктунун эки инспекторун кармады.
Маалыматка караганда, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүп, товарларды тийиштүү текшерүүсүз өткөрүүгө көмөктөшкөн. Натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени айтылды.
Кармалган эки кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу схемага катыштыгы бар башка бажы кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
«Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө «Ош» бажысынын кызмат адамдары өздөрүнө берилген кызматтык ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акы алуу максатында ташылып өтүүчү товарларга тийиштүү бажылык кароо, текшерүү жүргүзүшпөгөн жана алар товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүп жиберүүгө көмөктөшүп, мыйзамдарда каралган бажы жол-жоболорунан жана көзөмөлдөн качууга шарт түзүшкөн.

Мындан тышкары, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген»,-деп айтылат маалыматта.