Meta компаниясынын Instagram’дагы расмий аккаунту Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине реакция кылды.
Компания британиялык travel-блогер Сальма Масрур жарыялаган видеонун алдына «Оюндарды баштоонун кандай гана укмуштуудай жолу» деген комментарий калтырган.

Блогер видеону 31-августта жарыялаган. Анда «Бишкек Аренада» өткөн ачылыш аземинен үзүндүлөр жана оюндарга катышкан өлкөлөрдүн делегацияларынын парады көрсөтүлгөн. Жарыя 1,2 миңден ашык «лайк» топтогон.