Нарын шаарында 9 чакырымдан ашык жол толук асфальтталды. Министр жол куруу иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Нарын шаарындагы жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Анын айтымында, узундугу 9,025 чакырым болгон Ленин көчөсүнүн негизги бөлүгүнө асфальт-бетондун төмөнкү жана үстүңкү катмарлары толук төшөлдү. Автожол көпүрөсүн капиталдык оңдоо жана жаңы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу иштери да аяктады.

Учурда жолдун айрым бөлүктөрүн асфальттоо, аялдама павильондорун, светофорлорду, бордюрларды жана жол белгилерин орнотуу иштери уланууда. Объектте 84 жумушчу, 9 инженер-консультант жана 19 атайын техника иштеп жатат.

Министр подрядчы компанияларга иштерди бекитилген графиктен кечиктирбестен, сапаттуу жана коопсуз бүтүрүү тапшырмасын берди.

7 Сентябрь 2026 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча