29-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады.
Милиция кызматкерлери расмий жана спорттук иш-чаралар өткөн жайларда, делегациялардын жүрүүчү каттамдарында, коноктор жайгашкан объектилерде жана эл көп топтолгон аймактарда кызмат өтөштү. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоого башка укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери тартылды.
Өзгөчө көңүл Кырчын жайлоосунда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда жана «Бишкек Арена» стадионунда өткөрүлгөн массалык иш-чараларга бурулду. Тактап айтканда, 30 миңге жакын көрүүчү катышкан Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу камсыздалды.

Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо менен катар жарандарга жана чет өлкөлүк конокторго багыт көрсөтүп, зарыл учурда жардам беришти. Бул иштерге чет тилдерин билген Туристтик милициянын кызматкерлери да тартылды. Кошумча транспорттук жардамга муктаж болгон жарандарга кызматтык унаалар менен көмөк көрсөтүлдү.
Ошондой эле ИИМдин Медициналык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп, иш-чаралардын катышуучуларына, конокторго жана кызматкерлерге зарыл медициналык жардам көрсөтүүгө даяр турду.
Коопсуздукту камсыздоодо видеокөзөмөл сыяктуу заманбап санариптик технологиялар да активдүү колдонулуп, кырдаалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана ыкчам чара көрүүгө шарт түздү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин жетекчилиги кызмат өтөөнү уюштурууну жеке көзөмөлдөп, министр Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары кызмат өтөө жайларына барып, ыкчам кырдаалга баа беришти.
ИИМдин маалыматына ылайык, ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу, ошондой эле алардын катышуучуларына, конокторуна жана чет өлкөлүк туристтерге карата бир дагы кылмыш же укук бузуу фактысы катталган жок.
Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн бирдиктүү жана уюшкан иш алып баруусу масштабдуу эл аралык иш-чаралардын тынч жана коопсуз өтүшүн камсыз кылды.

