Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бишкек мэриясы себебин түшүндүрдү

Бишкекте жол оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу 2026-жылдын 8-сентябрынан тартып Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромская көчөсү) Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол жүрүү багыттарыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап алууңуздарды өтүнөбүз. Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалат»,-деп айтылат маалыматта.

7 Сентябрь 2026 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча