Непалдагы кырсыкта дайынсыз жоголгон аял 10 күндөн кийин тирүү табылды

Непалда куткаруучулар 26-августтагы суу ташкынынан кийин дайынсыз деп эсептелип жаткан аялды тирүү табышты. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги билдирди.

Чандики Кумари Шреста суу агымынан улам талкаланган үйүндө 10 күн убакыт өткөргөн. 

Полиция кызматкеринин айтымында, аялдын төрт кабаттуу үйү суу ташкынынан дээрлик толугу менен талкаланып, кум жана ылайдын алдында калган. Аны куткаруучулар урандылардын алдынан 45 мүнөт дегенде гана араң чыгарып алышкан. Андан кийин аял ооруканага жеткирилген. Агенттик белгилегендей, Шрестанын туугандары ал каза болду деп ойлошкон.

Суу ташкыны 26-августта Лангтанг-Лирунг тоосундагы мөңгү көчкөндөн кийин пайда болгон.

Маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 1,3 миңден ашык адам каза болуп, болжол менен 5 миң адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө. 13 миңден ашык адам куткарылды, анын ичинде 274 чет элдик жаран бар.

7 Сентябрь 2026 жыл 11:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча