Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыздоо, ошондой эле «Тынчтык жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында атайын буйрук чыгарды.
Аталган буйрукка ылайык, Бишкек шаарындагы бардык коомдук тамактануу жана маданий-көңүл ачуу мекемелеринин (кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залдары) жетекчилери бир катар милдеттерди аткарууга тийиш:
Иштөө тартибине киргизилген негизги чектөөлөр:
Генераторлорду колдонууга уруксат
Өзгөчө шарт: Турак жайлардан алыс жайгашкан объектилерге жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын бардык талаптары толук сакталган учурда гана электр генераторлорун колдонууга уруксат берилет.
Райондук администрациялар жана муниципалдык инспекция бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алып, үзгүлтүксүз рейддик иш-чараларды өткөрүп турууга милдеттендирилди.
Мэрия жарандарды белгиленген тартипти сактоого жана шаар тургундарынын бейпилдигине көмөк көрсөтүүгө чакырат.