БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА ТОО БООРУНАН КУЛАГАН ТАШТАР ТАЗАЛАНЫП, КАТТАМ БЕРИЛДИ

Эл аралык маанидеги Бишкек–Ош унаа жолунда тоо боорунан кулаган таштар тазаланып, эки тараптуу жол ачык. Жабыркаган жарандар жок. бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрь, саат 08:00дор чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 427–451-чакырымдар аралыгында жамгырдын кесепетинен тоо боорунан таштар кулап, бир унаанын алдыңкы бөлүгү жабыркаган.
Жерине дароо министрликке караштуу “Кыргызавтожол–Түштүк” мамлекеттик ишканасынын № 38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникасы тартылган.
Жабыркаган унаа камсыздандырылганы жана келтирилген чыгымдар камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүп берилери маалым болду.

15 Декабрь 2025 жыл 17:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча