Бишкекке 625 даана 8 метрлик автобус келет

Жылдын аягына чейин Бишкекке 625 даана 8 метрлик автобус келет. Бул тууралуу шаардык кеңештин шаарга жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы коомдук транспорт административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган конуштардын муктаждыктарын эске алуу менен сатып алынууда.

Бул автобустар 10 метрлик автобустар өтө албаган жаңы конуштарда каттайт.

Борбор калаанын бардык төрт району боюнча кошумча 23 жаңы каттам ачылат.

24 Июнь 2026 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча