БИШКЕКТЕ 11-ЖОЛУ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИШКЕР АЙЫМДАРДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ушул жылдын 3–4-декабрында Бишкек шаарында 11-Бүткүл дүйнөлүк Аялдар ишкердиги күнү (WED 2025) ийгиликтүү өттү. Иш-чара өлкөдө аялдардын лидерлигин, инновацияларын жана бизнесин өнүктүрүү боюнча эң маанилүү окуялардын бири болду.
Форумду «Курак» аялдар форуму» коомдук бирикмеси уюштурду. Иш-чарага 400дөн ашуун аял ишкерлер, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, дипломатиялык корпус жана инновациялар боюнча эксперттер катышты.

Бул жылкы форум 2025-жылы форум «Креативдин жана өнөктөштүктүн күчү» деген теманын алдында өтүп, башкы ураан төмөнкүдөй болду:
«WED 2025 — Келечек сенин колуңда!»

Катышуучулар креативдүү индустриялардын, технологиялардын жана жасалма интеллекттин аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдөгү ролун жана Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө таасирин талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул иш-чара кыргыз аялдарын колдоо максатында 11-жолу Курак аялдар форуму ассоциациясынын демилгеси менен өткөрүлүп жатат.

4 Декабрь 2025 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча