Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 66 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, анын банктык эсептерин текшерүү жана мүлкүн коопсуз сактоо керектигине ынандырышкан.
Алардын таасири менен ал батирин сатып, андан түшкөн 60 миң доллар (4 млн 915 миң 800 сом) каражатты төлөм терминалдары аркылуу алдамчылар көрсөткөн банктык эсептерге которгон.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2005-жылы туулган А.К. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.