2026-жылдын 23-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна М.М. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 22-январында өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен аны жаңылыштыкка түртүшкөн.
Кылмышка шектүүлөр жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүп, коркутууларды колдонуп, үчүнчү жактар менен байланышууга тыюу салып жана башка таасир этүү ыкмаларын пайдаланган. Натыйжада жабырлануучу алардын таасиринде калып, өзгөчө ири өлчөмдө — 9 123 470 сом акча каражатын которуп берген.
Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана атайын техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.И. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, тергөөнүн алкагында дагы беш адам аныкталып, тергөө органдарына жеткирилген. Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.
Тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сак болууга жана өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдарга ишенбөөгө чакырат. Эсиңиздерде болсун: укук коргоо органдарынын жана финансылык мекемелердин кызматкерлери эч качан телефон аркылуу акча которууну талап кылышпайт жана психологиялык басым көрсөтүшпөйт.
Эгер ушундай чалуулар келип түшсө, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 номерине кайрылыңыз.
Өзүңүздү жана аманатыңызды сактаңыз!