Бишкекте мугалим менен окуучунун ортосунда жаңжал чыкты

Бишкекте мугалим менен окуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

16-февралда «102» кызматына мектептердин биринде окуучу менен мугалимдин ортосунда чыр-чатак болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге келген тергөө-ыкчам тобу жаңжал 1957-жылы туулган К.Б. жана 2010-жылы туулган М.К.нын ортосунда чыккандыгын аныктаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мугалим К.Б. окуучу М.К.га карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга, ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылганы белгилүү болду.

Учурда ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча акыркы юридикалык баа берилет.

19 Февраль 2026 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча