Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылгандар 23 адамга жетти. Алардын ичинен бешөө балдар. Бул тууралуу биздин сайтика бүгүн, 16-январда Республикалык инфекциялык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын маалыматына караганда, 23 кишинин 18и Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылып, калган бешөө үйдөн дарыланууга жиберилди. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.