Бишкекте 24-март күнү кечинде Чокан Валиханов көчөсүндө жүк ташуучу унаа менен Toyota Camry кагышты. Бул тууралуу видео соцтармактарга тарады.
Алдын ала маалымат боюнча, Camry унаасы жогорку ылдамдыкта келип, бурулуп жаткан жүк унаасын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен Camry унаасынын айдоочусу каза болуп, дагы төрт жүргүнчү ооруканага жеткирилди.
Видео: @alihan.db