Бишкекте жол кырсыгынан скутердин айдоочусу каза болду

Бишкектин Токомбаев көчөсүндө жол кырсыгынан улам скутер айдап бара жаткан жаран каза тапты. Бул тууралуу шаардык милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-июнда болжол менен саат 19:00 чамасында болгон. Анда 27 жаштагы скутер айдоочусу А.Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жолдун оң жагында токтоп турган «Honda odyssei» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп жыгылган. Ошол учурда аны артта келе жаткан «Daewoo-Lacenni» үлгүсүндөгү автоунаа тебелеп кеткен. Ал унааны 24 жаштагы айдоочу башкарып келе жаткан.

Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.

Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери башталганы айтылды,

20 Июнь 2025 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча