«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 20-апрелинен 24-апрелине чейин (аба ырайын эске алганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдунт 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
Иш учурунда КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.
Урматтуу жарандар, автоунаа менен сапарыңызды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз.
Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.