30-июнда саат 10:00дөн 14:00гө чейин Чым-Коргон айылындагы Казакбаев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, аталган бекет Токмок — Кемин аралыгынын 3858-чакырымында жайгашкан.
«Айланма жол катары Жаңы-Алыш айылындагы 3865-чакырымдагы темир жол өтмөгү пайдаланылат», — деп айтылат маалыматта.