Социалдык түйүнүндө өзүн Асел Азаматова деп тааныштырган келин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы экенин айтып, узак убакыттан бери зомбулук көрүп келе жатканын жазып чыкты.
Ал денеси көгала болгон сүрөт да чыгарды.
Келиндин айтымында, алар 2016-жылы баш кошкон. Эки жылдан кийин жолдошу кол көтөрө баштаган.
2022-жылы кош бойлуу кезинде катуу сабалып, кан кетип ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлер түйүлдүктү сактап калууга мүмкүнчүлүк аз экенин билдиришкен. Ошол учурда укук коргоо органдарына арыз жазган.
Кийинчерээк аял жолдошун кечирген. Бирок зомбулук уланып, натыйжада ал үч баласы менен ажырашууга арыз жазган.
2024-жылдын 6-апрелинде мурдагы жолдошу аны үч баласынын көзүнчө сабаганын билдирип, кайрадан милицияга кайрылган.
Ички иштер министрлиги бул окуяга көзөмөлгө алынганын, тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов өзүнө коюлган айыптоолор боюнча азырынча үн ката элек.