Элдар Сулаймановдун ордуна депутат болуп ким келет?

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тарткан Элдар Сулаймановдун мандатын №5 округдан кийинки талапкер Азизбек Абдуллаевге берүү чечимин кабыл алды.

Боршайком 17-февралдагы отурумунда Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Арыз жазуу себеби ачыкталган эмес.

Мындан бир ай мурда экс-депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги (ИИМ) келинге коргоо ордерин берген. Экс-депутат коюлган дооматтарды четке каккан.Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.

18 Февраль 2026 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча