
Муниципалдык унаа токтотуучу жайга акы төлөөдөн качкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эгер акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштеген жайга автоунаасын токтоткон айдоочу акча төлөөдөн качса, 1000 сом айып пул жазылат. Юридикалык жактар 5000 сом төлөп калат.
Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирип, айыпты жергиликтүү бийлик салары белгиленген.