ҮГҮТ АЙЫЛЫ: ЭЛЕТТИН КААРМАНЫНА АЙЛАНГАН ПОЧТОЧУНУН АТ КӨТӨРГҮС КЫЗМАТЫ

Почто кызматкери деген ким жана бүгүнкү күндө алар аткарган жумушка кызыгып көрдүңүз беле? Балким почточу десе эле сиздин оюңузга дагы дароо пенсия жана кат ташыган жаран келсе келсек. Бирок заман талабына ылайык башка кызматтар да кошулган. Бул тууралуу алыскы Нарын облусунун Ак- Талаа районуна караштуу Үгүт айылынын почтосунда эмгектенген Үгүт почта байланыш бөлүмүнүн башчысы Майрамкүл Мурсанова менен кыскача маек курдук. Кызыктуу болсо төмөндү карай көз жүгүртүңүз:

Алгач кыскача өзүңүздү тааныштыра кетсениз жана почточу деген ким, сиз аткарган жумуш?

—— Менин аты — жөнүм Майрамкүл Мурсанова. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылындагы почта байланыш бөлүмүндө иштегениме 14 жылдын жүзү болду. Үгүт өзү чакан айыл, (саны) түтүн эл жаштайт.
Ал эми, азыркы тапта почто кызматкери десе эле, көпчүлүктүн оюна пенсия же газета тараткан адам элестетет. Бирок заман талабына ылайык биз бир нече жумушту аркалайбыз. Тактап айтканда төлөмдөрдү жүргүзүү бала-бакча, жайыт, таза суу, таштанды ж.б), (которууларды жана насыяларды төгүү, , турак жайларды жана техникаларды камсыздандыруу менен катар айдоочулук күбөлүк менен паспортторду жеткирүү сыяктуу кызматтарды аткарам.

Ар бир кесип кызыктуу ошонусу менен катар түйшүгү да бар эмеспи? Сиздин кесип эмнеси менен кызыктуу жана эмнеси менен оорчулук жаратат?

——Туура айтасыңар, ар бир кесип деги эле ар бир жумуштун кызыктуу да ошол эле учурда оорчулук жараткан учурлары болот. Ал менен иштеген жумушка келсек, мурун газета — журналдарга жазылууда акча каражатын чогултуу айтарлыктай кыйынчылык жаратчу, ал азыркы тапта санариптештирүү убагы болгондон кийин маалыматты интернеттен алып газетага жазылуу азайды, бардык жумушубузду база менен иштейбиз. Дайыма эл менен иштегендиктен кызыктуу оорчулугу көп сезиле бербейт.

Учурда почто кызматкеринин айлык маянасы кандай? Сиз алган айлык кем — карчыларынызды толуктоого жетеби?
—— Мен өзүм алган маянаны айта кетсем, айына 11 миң сом алам. Өзүңүздөр билгендей, азыр баары кымбат. Албетте жетпейт, дүкөнгө бир кирип чыгып азык-түлүк алсаң эле бул акча түгөнүшү мүмкүн. Бирок буга дагы каниет кылып, шүгүр дейм. Мындан тышкары Байгөнчөк айылына да иштейм. Ал жака барууда жол акыларын өз чөнтөгүмдөн чыгарып барам.

Ишиңизди аткарууга шарттар түзүлгөнбү? Дагы кандай шарттар түзүлсө деп ойлойсуз?

——Айылдагы почта байланыш бөлүмү авариялык абалда болгондуктан айыл өкмөттүн имаратында иштеп жатам. Ал жерде шарт жок деп айта албайм башкысы жылуулук интернет бар иштегенге ыңгайлуу. Дегени менен айрым учурда эскилиги жеткен техникалар кыйынчылык жаратат. Заманбап жаны техникалар менен камсыз болсок абдан жакшы болмок. Мындан тышкары мурдагы почто имаратын оңдоп- түзөөдөн өткөрсө дейм.

Убакытыңызды бөлүп маек бергениңизе чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Маектешкен: А. Жапаркулова

17 Февраль 2026 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча