16-июнда Иран-Жаңы Зеландия ортосунда болгон беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Оюн АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы стадиондо өттү. Оюнда Жаңы Зеландиялыктар топко көбүрөөк ээлик кылышты.
Беттештин 7-мүнөтүндө Элайжа Жаст Жаңы Зеландиянын пайдасына эсепти ачты. 32-мүнөттө ирандык Рамин Резаеян эсепти теңдеди. Тыныгуудан кийин 54-мүнөттө Элайжа Жаст дубль жасады. Ирандын голу көпкө күттүргөн жок. Биринчи голдун автору Рамин Резаеяндын жардамы менен Мохаммед Мохебби 64-мүнөттө башы менен топту атаандашынын дарбазасына киргизди.
G тайпасындагы Бельгия менен Египеттин беттеши да тең чыгуу менен аяктады. Мындан улам төрт курама команда тең 1ден упай алышты.
Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.