Ит тиштеген 6 жаштагы баланын абалы кандай?

Бишкекте иттер тиштеген баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6 жаштагы бала 1-апрелде саат 15:40 чамасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына келип түшкөн.

«Баш териси сыйрылып, кол-бутунун көп жерлери тиштелген. 1–2 даражада травмалык шок алган. Учурда баланын абалы туруктуу. Бардык керектүү медицианалык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп билдирди министрликтен.

Эске салсак, бүгүн «үч ит талады» деп 6 жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Буга удаа милиция маалымат берип, ал Калыс-Ордо-2 конушунда катталганын билдирген.

2 Апрель 2026 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча