Жайыл районундагы Калинин – Степной унаа жолуна асфальт төшөлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйыл аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда анын 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
«Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп, №40 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылууда»,-деп айтылат маалыматта.