Кар жаайбы? 16-январга карата аба ырайы

Эртең, 16-январда Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн −3…+2 күндүз 1…6

Таласта түнкүсүн −3…+2 күндүз 2…7

Баткенде түнкүсүн −3…+2 күндүз 5…10

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3…+2 күндүз 5…10

Ысык-Көлдө түнкүсүн −1…-6 күндүз 0…5

Нарында түнкүсүн −20…-25 күндүз −8…-13

Бишкекте түнкүсүн −1° …+1°, күндүз 4…6° болот

15 Январь 2026 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча