Казакстанда Кыргызстандын 2 жараны жол кырсыгына кабылды

3-декабрда Казакстандын Караганда облусунун Актогай аймагында кыргызстандык жарандардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын 1982-жылы туулган жараны Ж.М. жана 2022-жылы туулган Б.А. жабыркаган.

Жабырлануучулар Приозерск шаардык ооруканасына жеткирилип, учурда тиешелүү медициналык жардам алууда.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жабыркагандар, ошондой эле аталган медициналык мекеменин администрациясы жана дарыгерлери менен тыгыз байланышта болуп, зарыл көмөк көрсөтүүдө.

Бул окуя Кыргызстандын ТИМи жана элчилигинин тыкыр көзөмөлүндө турат.

4 Декабрь 2025 жыл 12:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча