Киев көчөсүн реконструкциялоо: Бүгүндөн тарта Бишкекте 14 автобустун каттамы өзгөрөт

 Бүгүндөн тарта Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелери убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү:
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.

«Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

16 Июнь 2026 жыл 9:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча