Касымалиев космонавт Салижан Шариповго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды.

“Ушундай көрүнүктүү инсанга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшыруу мен үчүн чоң сыймык. Салижан Шарипов өлкөбүздүн сыймыгы. Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз», — деди Адылбек Касымалиев.

Салижан Шарипов мындай көңүл бурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен болгон байланышты дайыма сезээрин жана өзүнүн ата-мекени менен сыймыктанарын баса белгиледи.

9 Август 2025 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча