Кыргыз — казак чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөлөр бүгүн, 22-апрелде саат 05:26да катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Күнгөй Ала-Тоо кыркаларында жайгашкан:

  • Григорьевка айылынан түндүк-батышты карай 22 чакырым алыстыкта;
  • Кожояр айылынан батышты карай 22 чакырым алыстыкта;
  • Ананьево айылынан түндүк-батышты карай 27 чакырым алыстыкта.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

22 Апрель 2026 жыл 9:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча