Кыргыз-кытай чек арасында жер силкинди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында бүгүн эртең менен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:44тө катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышты көздөй 34 чакырым алыстыкта, Каракол шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 119 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

2 Март 2026 жыл 14:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча