Кыргызстан КМШда экономикалык өсүш боюнча биринчи орунду ээледи. Еurasiatoday.ru жана e-cis.info басылмаларынын маалыматына ылайык, соңку үч жылда Кыргызстанда киши башына эсептелген ички дүң өнүм (ИДП) 85%га өстү. Бул — КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Мисалы, ушул эле мезгилде Өзбекстанда өсүш 37%, Казакстанда 42%, ал эми Тажикстанда 49% болгон.
Экономист Миркомил Холбоевдин айтымында, 2022–2024-жылдар аралыгында Кыргызстанда орточо киреше 2500 долларга жетип, дээрлик эки эсеге көбөйдү. Ал белгилегендей, соңку жылдары Кыргызстанда экономика жылына орточо 9% өсүп, бул көрсөткүч менен региондогу лидерликти сактап келүүдө.
2025-жылдын I чейрегинде өсүш 13,1% түздү. Эл аралык валюта фонду (МВФ) быйылкы жылга 6,8% өсүш божомолдосо, айрым эксперттер бул көрсөткүч андан да жогору болушу мүмкүн дешет.
Холбоевдин пикиринде, 2026-жылы Кыргызстан Өзбекстанды кууп жетет, ал эми 2027-жылга чейин кыргызстандыктардын орточо кирешеси өзбекстандыктардан ашып кетиши мүмкүн. Алтургай, 2030-жылга чейин айырма 50%га чейин чыгышы ыктымал.