Кыргызстанда президентин шайлоо 27-январда өтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештинин жыйынында парламенттин спикери Марлен Маматалиев айтты.
Анын айтымында, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, мамлекет башчысын шайлоо 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембисинде өтүшү керек болчу.
«Бүгүн биз шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алдык, ага ылайык шайлоо 2027-жылдын январь айынын акыркы шаршембисинде, тагыраагы 27-январда өтөт. Кабыл алынган мыйзам долбоорунун максаты — шайлоодогу кворумду, шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу. Өзүңүздөр билгендей, Бишкек шаарында адатта шайлоого катышуу абдан төмөн — 15 пайыздан ашпайт», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.
Ал ошондой эле процедура боюнча президент тиешелүү мыйзам долбооруна кол коюшу керектигин жана ушундай жол менен шайлоо күнү бекитилерин белгиледи.