
17-июнда Борбор Азия футбол ассоциациясынын жаштар арасындагы чемпионатынын финалдык беттеши өттү. Анда, Кыргызстандын жана Ирандын курама командалары күч сынашты.
Оюн, 0:2 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын жаштар курама командасы бул турнирдин күмүш медалдарына ээ болушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирип, видео жарыялады.
🔻 Турнирдин жыйынтыгы:
🥇 1-орун — Иран
🥈 2-орун — Кыргызстан
🥉 3-орун — Тажикстан
🎯 Эң мыкты чабуулчу — №17 Умар Талантбеков (КЫРГЫЗСТАН) — 3 гол 🇰🇬
🌟 Эң баалуу оюнчу — №10 Махан Акбарзаде Тахнех (ИРАН) 🇮🇷