Кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, — деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде.
Анын айтымында, Кыргызстан электр энергиясынын жетишпеген көлөмүн коңшу өлкөлөрдөн алып жатат.
«Бүгүнкү күндө Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан керектүү электр энергиянын көлөмүн алып жатабыз. Россиядан газ сурап макулдугун алдык, ал эми Өзбекстан жылуулук электр борборунан чыккан электр энергиясын берип атат. Кышында электр энергиясын өчүрүүлөрсүз жакшы чыгабыз деп ойлойм», — деди ал.