Лейлекте 225 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы 225 орундуу мектебинин курулушу кызуу жүрүүдө.

Бүгүнкү күңдө аткарылган жумуштардын көлөмү 25% түзөт. Учурда жер иштери 100%, пайдубалы 100%, 1-кабаттын дубалы, 1-кабаттын плитасы 100% бүткөрүлдү, 2-кабатта кыш кыноо иштери 90% аткарылды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын башында Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов мектептин капсула салуу аземине катышып, курулуш иштерин баштап берген.

17 Май 2023 жыл 22:36

Тема боюнча