Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өлкө аймагына Nipah вирусунун кирип кетишине жол бербөө максатында «Манас» эл аралык аэропортунда санитардык-карантиндик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
“Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында учурда бул вирустук оорунун кезектеги очогу катталган Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев жумасына бир жолу аткарылуучу Бишкек–Дели – Дели–Бишкек эл аралык авиакаттамында санитардык-карантиндик көзөмөлдүн уюштурулушун текшерип, жугуштуу оорулардын белгилери бар жүргүнчүлөрдү өз убагында аныктоо иштерине баа берди.
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжарбек Темирбеков жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Чолпон Шамсутдин кызматтардын даярдыгы жана зарыл санитардык-карантиндик чаралар толук камсыздалгандыгы тууралуу маалымат беришти.
2026-жылдын 1-февралында Индиядан келген авиакаттам менен Кыргыз Республикасына 158 жүргүнчү учуп келди. Учурда Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору жана «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун медицина кызматкерлери биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл аралык каттамдар менен келген бардык жүргүнчүлөрдүн дене табын милдеттүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Дене табы 37,5°С жана андан жогору болгон учурларда жүргүнчүлөр дароо изоляцияланып, белгиленген тартипте тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт.
Бардык иш-чаралар колдонуудагы санитардык-карантиндик талаптарга ылайык жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Учурда эпидемиологиялык кооптуу абал катталган жок, бардык келген жүргүнчүлөрдүн ден соолук абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуу жана көзөмөл иш-чараларын мындан ары да улантат”,-деп айтылат маалыматта.